Бишкек шаарынын мэриясында 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине ишенимдүү жана өз убагында даярдык көрүү максатында кадрдык дайындоолор жүргүзүлдү.
Нургазы Улукбекович Курманбеков мэрдин отун-энергетика комплекси маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.
2002-жылдан бери Нургазы Курманбеков «Электр станциялары» ААК филиалында – Бишкек Жылуулук электр борборунда (учурда «Бишкек жылуулукэлектроборбору» МИсинде) негизги кызматтарды аркалап, жылуулук энергетика тармагында олуттуу тажрыйбага ээ болгон.
2024-жылдын 24-июнунан ушул күнгө чейин «Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеген.
Борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев Н.Курманбековду бул кызматка дайындоодо биринчи кезектеги милдеттерди белгилеп, соңку окуялардан улам иш жүргүзүүдө мыйзамды жана ачык-айкындуулук принциптерин так сактоо зарылдыгын белгиледи.
"Иш мыйзам чегинде гана жүргүзүлүшү керек. Мыйзам бузуулар болгон учурда мурдагы жетишкендиктер жоопкерчиликтен качууга жардам бербейт", - деди мэр.
“Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасына да жаңы жетекчи дайындалды. Ал Нурлан Турсунбекович Кульджигачев, буга чейин Бишкек Жылуулук электр борборундагы ишенимдүүлүк жана коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.