Мектепке чейинки билим берүү тармагында мамлекеттик органдар менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында Ленин районундагы жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чарага муниципалдык администрациянын аппарат жетекчиси А.Э.Туркманов, Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу А.Т. Тургумбекова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу «Санариптик билим берүү борбору» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, ошондой эле муниципалдык администрациянын, райондук билим берүү борборунун, социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана №1, 2, 3, 4, 5, жана  «Чоң-Арык», «Орок», «Новопавловка» муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга социалдык жактан аялуу катмардагы жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук тестирлөө боюнча кыскача маалымат кайрадан берилди. Бул механизмди ишке ашыруунун алкагында жеке менчик мектепке чейинки мекемелердин ишин координациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2025-жылдын 25-мартындагы №324/1 буйругуна ылайык, менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелери райондук билим берүү борборлорунун жана Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин карамагына кирет.

Башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан жеке билим берүү мекемелеринин жетекчилерине – жогору турган түзүмдөрдүн суроо-талаптарына жана тапшырмаларына ыкчам жана өз убагында жооп берүү өтүнүчү айтылды.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө жеке менчик мектепке чейинки уюмдардын өкүлдөрү тарабынан актуалдуу суроолор берилип, аларга кеңири жана конкреттүү жооптор берилди. Ошондой эле катышуучуларга мугалимдердин улуттук резерви - mugalim.edu.gov.kg порталында жайгаштырылган билим берүү чөйрөсүндөгү бош орундар тууралуу эскертилди.

Жолугушуу конструктивдүү жана иштиктүү кырдаалда өтүп, диалог, пикир алмашуу жана мектепке чейинки билим берүүнү мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн эффективдүү аянтча болуп калды.