Раатбек Санатбаев атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу — Садыков Рустам Бишкекте өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында 97 кг салмак категориясында коло медаль жеңип алды.
Жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын негизги максаты — бул спорттун түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу, жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле дүйнөлүк чемпионаттарга жана Олимпиада оюндарына катыша ала турган келечектүү балбандарды тандоо жана даярдоо болуп саналат.