11–12-июль күндөрү Тайбэй шаарында (Тайвань) чоңдор арасында дзюдо боюнча Ачык Азия Кубогу болуп өттү.
Күрөш спорт түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Жуманазаров Ратбек 81 кг салмак категориясында күч сынашып, чемпион аталды. Ал жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана техникасынын мыктылыгын көрсөтө алды.
Спортчуну жетишкен ийгилиги менен куттуктайбыз жана эл аралык мелдештерде жаңы жеңиштерди каалайбыз!