Бүгүн  Бишкек мэриясынын алдындагы "Жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы  алгачкы ирет өзү шаарга жол чырак орнотту.

Пилоттук долбоордун алкагында жол чырак акыркы учурларда унаа кыймылы кескин көбөйгөн Элмирбек Иманалиев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине (Ак-Ордо-3 конушу) коюлду.

Кошумчалай кетсек, буга чейин жол чырактарды орнотуу тендер аркылуу жүргүзүлүп, аны жеке компаниялар 1 миллион сомдон ашык каражатка орнотчу.

Ал эми бул жол чыракты калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен "ЖТИ" МИ ишканасы эки эсе  арзан, тагыраагы 500 миң сом  гана каражат сарптады.

Учурда жол чырак штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле, эми "ЖТИ" МИ шаардагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир нече кесилишине чыгымды үнөмдөө менен заман талабына ылайык жол чырактарды орнотуууну пландаштырууда.