Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Бишкек шаарынын мэриясы менен «Hyper Partners» (Өзбекстан Республикасы) жоопкерчилиги чектелген коом түрүндөгү чет өлкөлүк ишкананын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Документке кыргыз тараптын атынан Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ал эми инвестордун атынан компаниянын башкы директору Усманов Бобурбек кол койду.

Келишим Бишкек шаарында көп функционалдуу комплексти куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууну камтыйт, ага төмөнкүлөр кирет:
* заманбап бизнес борбору;
* турак жай жана соода аймактары;
* мейманканадагы батирлер;
* соода жана коомдук тамактануу объектилери;
* эс алуу зоналары, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жайлары бар көрктөндүрүлгөн аймак.

Долбоор шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, жумуш орундарын түзүүгө жана борбордун көрүнүшүнө заманбап архитектуралык чечимдерди киргизүүгө багытталган.

Долбоордо ошондой эле Октябрь районунун №8 МАБнын аймагында аянты 3,3519 га болгон окуу комплексин куруу, кийин бүткөрүлгөн объектти мамлекетке өткөрүү каралган. Билим берүү  комплекси 25 000 кишиге ылайыкталган мечиттен жана диний билим берүү мекемеси Медреседен турат.

«Hyper Partners» - Өзбекстан Республикасында катталган жана кыймылсыз мүлккө, өнүктүрүүгө жана курулушка инвестиция салууга адистештирилген динамикалуу өнүгүп жаткан ишкана. Акыркы жылдары компания Ташкентте жана Борбор Азия чөлкөмүнүн башка шаарларында бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып, бизнес жүргүзүүгө туруктуу мамиле жасаган ишенимдүү инвестор катары репутацияга ээ болду. Кыргыз Республикасында 2024-жылдын май айында Бишкек шаарында катталган «Туран Сити» ЖЧКсы туунду компаниясы аркылуу көрсөтүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жоолугушууга катышып жатып, долбоордун стратегиялык маанисин белгилеп, аны ишке ашыруунун бардык этаптарында колдонуудагы мыйзамдардын алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.