Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун партиялык комитетинин катчысынын орун басары, партиялык комитеттин катчысы жана Синьцзян өндүрүш-курулуш корпусунун комиссары Хэ Чжун Ю менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай мамилелери өз ара ишенимге жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө негизделген туруктуу өнүгүүсүн белгилешти. Шаарлар аралык, өзгөчө Бишкек менен Үрүмчүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Мэр Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун аймактары менен кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичинде транспорт, турак жай-коммуналдык чарба, шаарды өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү технологиялары чөйрөсүндө биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Кытай тарап өз кезегинде айыл чарба, анын ичинде тамчылатып сугаруу, питомниктерди өнүктүрүү жана заманбап агротехнологияларды киргизүү боюнча соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар конструктивдүү диалогго жана жашоо шарттарын жакшыртууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган практикалык кызматташтыкты чыңдоого өз багыттарын ырасташты.