Бишкек шаарындагы узундугу 731 метр болгон Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейинки Нариманов тар көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.
Иштер шаардын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоонун 2025-жылга карата титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлүүдө.
Учурда бул тилкеде арыктарды жана түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.
Буга чейин жолчулар эски асфальтты сыйрышып, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө топуракты төгүү иштерин жүргүзүшкөн.