2025-жылдын 16-июлунда жолду реабилитациялоонун алкагында Т.Абдымомунов көчөсүнүн К.Акиев көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап алууну, ошондой эле коомдук транспортто жүрүүнү сунуштайт.