"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы кызматкерлерди туруктуу жана сезондук негизде кабыл алууну жарыялайт, ошондой эле бир катар багыттар боюнча кадрдык резервди түзүүдө.
Бош орундар:
- көрктөндүрүү кызматкерлери - 241 адам;
- айдоочулар - 34 адам;
- бригадир — 1 адам.
Кадрлардын резервине төмөнкү кызматтарга кабыл алуу жүргүзүлөт:
- жашылдандыруучулар;
- парктын жетекчилери.
Арыз берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- паспорттун көчүрмөсү;
- медициналык маалымкат (форма 086);
- айдоочуларга - 0,83 формасындагы медициналык маалымкат;
- эмгек китепчеси;
- аскердик билет (эгерде бар болсо);
- өздүк эсепке алуу баракчасы;
- 1 сүрөт (3х4 форматында).
Толук маалымат алуу үчүн Бишкек ш., Ташкент көчөсү, 17., же 37-53-32 телефон номери аркылуу кайрылсаңыздар болот. Иш убактысы 08:00дөн 16:00гө чейин.
“Бишкек жашыл курулуш” ишканасында иштөө борбор шаарыбызды жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө кошкон салымыңыз. Биздин командага кошулуңуз!