2025-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө. Муну менен катар көчөлөрдү асфальттоо, жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорт тармагынын башка элементтерин реконструкциялоо, реабилитациялоо жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Көчө жана жол инфраструктурасын модернизациялоого комплекстүү мамиле жол тармагынын потенциалын жогорулатууга, шаар райондорунун транспорттук байланышын жакшыртууга, жол коопсуздугун камсыз кылууга, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошентип, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмүн өнүктүрүү департаменти 2025-жылга төмөнкү тилкелерди оңдоп түзөдү:
* Медеров көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин 2,5 км жолду реабилитациялоо (капиталдык оңдоо);
- Жибек-Жолу пр., Курманжан-Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин 1,8 км жолду реабилитациялоо (капиталдык оңдоо);
- Жаш-Гвардия бульвары Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин 1,9 км жолду реабилитациялоо (капиталдык оңдоо);
- Шабдан-Баатыр көчөсү 7-Апрель көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин 1,7 км жолду реабилитациялоо (капиталдык оңдоо);
- Карадарыя көчөсү Медеров көчөсүнөн Лев-Толстой көчөсүнө чейин 1 км жолду реконструкциялоо жана куруу.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын административдик райондору боюнча:
Ленин районунда жалпы узундугу 1020 погон метр 4 объект:
- Береговая көчөсү Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейин - 300 погон метр;
- Щорс көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин– 515 погон метр;
- Токтогул көчөсү Б.Бейшеналиева көчөсүнөн көпүрөгө чейин (түштүк тарабы) -155 погон метр;
- Эне жана баланы коргоо борбору, Тыналиев көчөсүнө кире бериш- 50 погон метр.
Октябрь районунда узундугу 1 720 погон метр келген 6 объект, 300 м2:
- 9-кичи район, Малдыбаев көчөсүндөгү №36/1 жана №36/2 үйлөрдүн ортосу, №40, 42, 44, 46, 15 үйлөрдүн батыш тарабы Саманчин көчөсүнө чейин - 310 погон метр;
- 6 кичи район, Сухэ-Батор көчөсүндөгү № 7, 9 үйлөрдүн Каралаев көчөсүнө чейин -150 метр погон;
- 3 кичирайондун Койбагаров көчөсүнөн №18,17,16,15,14 үйлөрдүн жанынан Сүйөркулов көчөсүнө чейин -270 погон метр;
- «Оберон» базары «Орто-Сай» - 450 погондук метр;
-7 кичирайон №48/2 үйдөн №49/6 үйгө чейин - 540 погон метр;
- Молдокулов атындагы №182 мектепке чейинки билим берүү уюму - 300 м2.
Биринчи Май районунда узундугу 765 погон метр жана 1900 м2 болгон 3 объект:
- Исанов көчөсү Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин — 350 погон метр;
- Пригород-7 көчөсү Жаштык-5 көчөсүнөн Пригород-6 көчөсүнө чейин – 415 погон метр;
- Москва көчөсүнөн Улуттук госпиталга кире бериши - 1900 м2.
Свердлов районунда узундугу 450 погон метр болгон 1 объект:
- «Алга» стадиону ЧЧКны бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин – 450 погондук метр.