Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана шаардыктардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу программасынын алкагында «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы «Көк-Жар» конушун жарыктандыруу иштерин ийгиликтүү аяктады.
Иштин жүрүшүндө 9000 метр узундуктагы өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган зым (СИП) тартылып, 300 заманбап светодиоддук чырактар орнотулду.
Жаңы көчө чырактары түнкүсүн көчөлөрдү жарыктандырууну кыйла жакшыртат, тургундардын ары-бери жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп, коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга салым кошот.
Райондун жашоочулары аткарылган иштерге ыраазычылык билдирип, ишкананын шаардын көчөлөрүн жарыктандырууга кошкон салымын жогору баалашкан.
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы борбордун башка конуштарында энергияны үнөмдөөчү жана заманбап технологияларды колдонуу менен жарыктандыруу тармагын модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча иштерди улантат.