Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп жаткан, 5000ден ашык көрүүчүгө ылайыкташкан жертөлөсү бар кичи аренанын курулуш иштери менен таанышты. Объект Долон Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында жайгашкан.

«Бул — шаардагы эң көп талап кылынган объектилердин бири болот. Иштер жогорку деңгээлде, кесипкөйлүк менен аткарылышы керек. Өзгөчө сапатка жана коопсуздукка көңүл буруңуздар», — деп белгиледи шаар башчысы текшерүү учурунда.

Белгилей кетсек, учурда сэндвич-панелдерди орнотуу, ички инженердик тармактарды тартуу, жертөлө жана биринчи кабаттарда жасалгалоо иштери, гипсокартондон бөлмөлөрдү орнотуу жана санитардык түйүндөрдү кафель менен каптоо иштери жүргүзүлүүдө.

Имарат үч кабаттуу болуп, кошумча жертөлөсү бар. Анын жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштерин подряддык уюм — «Евразия Строй Сервис» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн  жыйынтыгында шаар башчысы «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине стадион аймагын көрктөндүрүү иштерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.