2025-жылдын 6-июлунан 9-июлуна чейин Тяньцзинь шаарында (Кытай Эл Республикасы) Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) 25-саммитине даярдык көрүүнүн алкагында “Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин шаар мэрлеринин глобалдык диалогу” өттү. Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстан, Кытай, Россия Федерациясы, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын муниципалитеттеринин өкүлдөрү катышты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев сөз сүйлөп, туруктуу өнүгүү, климаттык өзгөрүүлөр жана инновациялык технологияларды киргизүү сыяктуу актуалдуу глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн боордош шаарлар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. "ШКУ өлкөлөрүнүн шаарлары экономикалык жана маданий борборлор гана эмес. Булар келечектеги күн тартибин түзүүчү жерлер", - деп баса белгиледи мэр.
Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Бишкектин боордош шаары Тяньцзинь шаарынын мэринин жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле түрдүү тармактарда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, А.Джунушалиев Тяньцзинь чет тилдер университетинде болуп, анда Бишкек менен Тяньцзинь шаарларынын ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Каралып жаткан сунуштардын арасында тилди тереңдетүүгө жана студенттер менен мектеп окуучуларынын ортосундагы маданий карым-катнашты кеңейтүүгө багытталган тил жана маданий алмашуу борборун түзүү демилгеси да болду.
Диалогдун катышуучулары ошондой эле шаардык инфраструктура, экология жана санариптик технологиялар тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн биргелешкен тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Бишкек шаарынын мэринин «Шаар мэрлеринин глобалдык диалогуна» катышуусу Кыргыз Республикасынын жигердүү эл аралык кызматташууга жана муниципалдык деңгээлде өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуусун тастыктайт.