Иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы көйгөйлөр, тазалык, көрктөндүрүү, борборлордо курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар жана социалдык тармактардын көйгөйлөрү талкууланды.


Тегерек столго Бишкек шаарынын вице-мэрлери Геннадий Милицкий, Айгүл Рыскулова, «Жашылдандыруу», «Тазалык», «Бишкекасфальтсервис», «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканаларынын, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, капиталдык курулуш  башкармалыктарынын өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова жана ЖМК өкүлдөрү катышты.