«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы  Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы жол тилкесинде оңдоо иштерин мөөнөтүнөн он күн мурда аяктады.

Аталган жол бөлүгүндө эскирген магистралдык жылуулук тармактын  узундугу 65 метр, диаметри 530 мм  участкасы алмаштырылды.

Бул жылуулук түтүгү 1985-жылдан бери пайдаланылып келген жана өзүнүн нормативдик мөөнөтүн аяктаган.

Учурда аталган тилкедеги жол кыймылына коюлган бардык чектөөлөр алынды.