Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 "Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Ленин районунун муниципалдык администрациясы тарабынан аз камсыз болгон жарандарга социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Ленин районуна 2025-жылга 53 квота бөлүнүп, учурда райондук комиссиянын 2 отуруму болуп, 14 ишкердин план долбоорлору бекитилип, келишимдер түзүлдү.
3-июлда муниципалдык администрациянын жыйындар залында тигүү тармагындагы 14 долбоордун катышуучуларына 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.
Социалдык контракттын негизги максаты - аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү, аларды аз камсыз болгондор категориясынан чыгаруу. Бул багыттагы иштер улантылууда.