Борбор калаанын райондорун кыдыруу уланып, социалдык объектилердин курулушуна көзөмөл күчөтүлүүдө.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев 5-кичирайондогу 500 орундуу №3 орто мектептин кошумча имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Башкы корпус 1968-жылы курулуп, 964 орунга ылайыкталган, ал эми бул мектепте 2173кө жакын окуучу билим алат. Подрядчы — «Эталон Винспец Строй» ЖЧКсы.

Мындан тышкары, шаар башчысы иштебей турган бассейнди калыбына келтирүү жана мектептин аймагын жакшыртуу маселесин кароону тапшырды.

Айбек Джунушалиев №34 атайын көмөкчү мектептин жетекчилигине эскертүү берип, бир айдын ичинде атайын мектептин аймагын талаптагыдай абалга келтирүүнү тапшырды.

Андан соң №62 орто мектептин аймагына курулуп жаткан заманбап стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышып, балдардын спорт аянтчасында жүргөндө иштин сапатына жана бардык коопсуздук талаптарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурууну, ал эми «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына мектеп жетекчилигине жашыл аянтчаларды кармоого көмөк көрсөтүүнү тапшырды.