Шаар башчысы Бишкек ЖЭБинин аймагын көрүп, ишкананын учурдагы абалы менен таанышып, андан соң отун-энергетика комплексинин жетекчилери менен 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.

Айбек Джунушалиев  күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы менен биргеликте жүргүзүлүп, бардык оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлүп, ошондой эле ЖЭБге көмүр өз убагында жеткирилиши керектигин белгиледи.

Жыйында  «Бишкекжылуулукборбору», «Бишкекжылуулуктармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» ишканаларынын жетекчилерине алдыдагы күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен ишенимдүү  камсыздоо боюнча так тапшырмалар берилди.