«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы шаардагы кооптуу бак-дарактарды санитардык бутоо жана кыюу боюнча пландык иштерди улантууда. Иш-чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана шаар чөйрөсүнүн тийиштүү санитардык шарттарын сактоо боюнча жүргүзүлүүдө.
Аткарылган иштер:
- Лев Толстой көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 38 даана бак-даракты санитардык бутоо иштери жүргүзүлүп, 31 даана кооптуу дарак демонтаждалды;
- Дэн Сяопин проспектисинин боюндагы Алыкулов көчөсүнөн Месарош көчөсүнө чейин 25 түп буталып, жөө жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга коркунуч туудурган 22 бак кыйылды.
Жумушка 50дөн ашык кызматкер тартылган, ошондой эле атайын техникалар, анын ичинде көтөрүүчү мунаралар жана автопорталдар:
* 10 көтөрүүчү мунара;
* 16 самосвал;
* 3 манипулятор.
Борбор калаанын бардык аймактарында иш пландалгандай уланууда.
“Бишкек жашыл курулуш” ишканасы шаардыктарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.