Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев аптаптуу ысык аба-ырайына байланыштуу «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасына жашыл аянттарды сугаруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
Ишкананын жетекчисине борбор калаанын жашылдандыруу иштерин активдүү улантып, жашыл өсүмдүктөрдү өз убагында жана жетиштүү өлчөмдө сугарууну камсыздоо милдети жүктөлдү.
Шаар райондорунун акимдерине жана МАБдын жетекчилерине бул иштерди жеке көзөмөлүнө алуу тапшырылды. Өз убагында сугаруу болбогон учурлар үчүн жетекчилер жеке жоопкерчилик тартат.
Башка коммуналдык кызматтарга болсо, «Бишкек жашыл курулуш» МИси жүргүзүп жаткан иштерге бардык жагынан көмөк көрсөтүү милдети коюлду.
Муниципалдык инспекцияга чарба жүргүзгөн субъекттердин ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын айлана-тегерегиндеги жашыл аймактарды үзгүлтүксүз сугарып туруу иштерин уюштурууну камсыздоо тапшырылды.
Ал эми «Тазалык» муниципалдык ишканасына ирригациялык тармактарды тазалоо иштерин күчөтүү милдеттендирилди.