Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Мадина» базарынын аймагын мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча кайрадан текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Мадина» ЖЧКсы тарабынан протоколдук тапшырмалардын олуттуу бөлүгү аткарылбагандыгы аныкталды. Соода тротуарларда жүргүзүлүп, муну менен жөө жүргүнчүлөр үчүн коомдук жайлардын жеткиликтүүлүгү чектелген.
Борбор калаа башчысы чарба субъекттеринин ээлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгүн мыйзамдуу негизде жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 24 буйрук чыгарылып, жалпы суммасы 277 500 сомго протоколдор түзүлүп, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузган 10 соода түйүнү жабылды. Калаа башчысы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна рейддерди улантууну, эгерде бардык нормаларды ээлери аткарса, алардын ишмердүүлүгүн улантууга шарт түзүп берүүнү тапшырды.
Мындан тышкары айрым соодагерлерде санитардык китепчелер жок экендиги аныкталган, алар мэрге кыска мөөнөттө документтерди талапка ылайык келтирүүнү убада кылышкан.
"Бул текшерүү бүгүн же эртең менен гана чектелбейт. Биз ишмердүүлүгүңүздөрдү текшербейбиз. Эгерде шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ден соолугуна коркунуч туулса - биз аларды коргоо чараларын көрүүгө милдеттүүбүз",– деди А.Джунушалиев.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы "Мадина" ЖЧКга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык, тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы, ошондой эле 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөндүгү үчүн протокол түзүлгөн.
Унаа токтотуу аймагында бузууларды жоюу боюнча мурда чыгарылган буйрукка карабастан, иш аткарылган эмес. Буга байланыштуу кайрадан айып пул салынып, мыйзам бузууну четтетүү боюнча токтом чыгарылды. Ошондой эле, «Мадина» ЖЧКсына жанаша жайгашкан аймакты дайыма таштандылардан тазалоо жана уруксат берилбеген жерлерде соода кылууну болтурбоо тапшырмасы берилди.
«Бишкекжашылкурулуш» ишканасына кооптуу бак-дарактарды алуу жана жашыл аймактарды сугаруу маселесин чечүү тапшырылды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен базардын аймагында тартипти калыбына келтирүү, тротуарды иретке келтирүү, унаа токтотуучу аймакты уюштуруу жана шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна шарт түзүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.