Шаар мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын райондорун кыдырууну улантууда.
Бул ирет шаар башчысы Биринчи май районун көрүп, Мурас-Ордо жаңы конушундагы сейил бактын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Ошондой эле тургундар менен жолугушуу болуп, анда турак-жай-коммуналдык чарба жана транспорт маселелери айтылды.
Жеринде жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча шаардык кызматтарга тапшырмалар берилди.
Ошондой эле мэр ушул эле конуштагы 280 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Айбек Джунушалиев Капиталдык курулуш башкармалыгына техникалык көзөмөлдү күчөтүүнү, подрядчыга жеринде ишти тез арада камсыз кылуу үчүн кошумча жумушчу күчүн тартууну тапшырды.
Ошондой эле иштин сапатына көңүл буруу, балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү милдети коюлду.