Бишкек шаарында Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды.

Жол оңдоо иштери алкагында, жол тилкесинин эски катмары сыйрылып, 2 катмар асфальт басылды: биринчи катмары 6 см калыңдыктагы, экинчисине 5 см калыңдыктагы таш мастик асфальт төшөлдү. Бул — жолдун бышыктыгын жана узак мөөнөткө чыдамкайлыгын камсыз кылат.

Андан сырткары жолдун эки четиндеги бордюрлар алмаштырылды. Ирригация тутуму ирээтке келтирилди. Алдыда жарыктандыруу тутумун жаңылоо, аялдама комплекстерин куруу сындуу кошумча жумуштар жасалат.

Ошондой эле бардык жол белгилери чийилип, керектүү белгилер орнотулду. Жол айрым жерлерде 5 тилкеге чейин кеңейтилип, кесилиштерде бурулуштар үчүн кошумча тилкелер каралган. Бул жаңылануу унаа кыймылын иретке салып, тыгындардын алдын алууга багытталган.