Жай мезгилинде борбор калаанын мектеп алдындагы жайкы лагерлеринде балдар пайдалуу жана кызыктуу убакыт өткөрүшөт — эртең менентен кечке чейин аларды активдүү эс алуу, тамак-аш, өнүктүрүүчү оюндар күтөт.

Салтка айлангандай эле, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти балдар үчүн кыймылдуу оюндар боюнча спорттук мелдештерди уюштуруп келет. Бул иш-чаралар балдардын физикалык активдүүлүгүн колдоого гана эмес, командалык ишке үйрөнүүгө, атаандашына урмат менен мамиле кылууга жана жеңиштин сүйүнүчүн сезүүгө көмөктөшөт.

Быйыл спорттук иш-чаралар шаардагы төрт районго караштуу мектептерде өттү:
•Свердлов районунда — 17 мектепте;
•Ленин районунда — 8 мектепте;
•Октябрь районунда — 10 мектепте;
•Биринчи Май районунда — 5 мектепте.

Жеңүүчүлөр медаль, дипломдор жана эң башкысы — көптөгөн эмоциялар, жаңы достор жана өзүнө болгон ишеним менен сыйланышты.