2025-жылдын 21-июнунан 1-июлуна чейин Чолпон-Ата шаарында «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн спортчулары үчүн грек-рим күрөшү боюнча окуу-машыгуу жыйыны өткөрүлдү.
Бул ден соолукту чыңдоого багытталган спорттук жыйынга жалпы 60 окуучу катышты. Иш-чаранын негизги максаты — спортчулардын ден соолугун чыңдоо, дене тарбия даярдыгын жогорулатуу жана алдыда боло турган мелдештерге даярдык көрүү болду.
Жыйындын алкагында күн сайын машыгуулар, теориялык сабактар жана калыбына келтирүү процедуралары өткөрүлдү.