2025-жылдын 23–27-июну аралыгында «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде 2008–2010-жылдары туулган кыздар жана балдар арасында Бишкек шаарынын гандбол боюнча биринчилиги өттү. Мелдешке борбор калаадагы жалпы билим берүүчү мектептердин командалары катышты.
Турнирдин жыйынтыгында мыкты командалар аныкталып, ошондой эле шаардык курама командаларды түзүү үчүн жаш спортчулар тандалып алынды. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын балдар жана кыздар курама командалары түзүлүп, алар эл аралык мелдештерде борборубуздун намысын коргойт.
Биринчи орундар алгандар:
Балдар арасында:
1-орун — №31 жалпы билим берүүчү орто мектеби;
2-орун — №1 жалпы билим берүүчү орто мектеби;
3-орун — №44 жалпы билим берүүчү орто мектеби;
Кыздар арасында:
1-орун — №64 жалпы билим берүүчү орто мектеби;
2-орун — №1 жалпы билим берүүчү орто мектеби;
3-орун — №3 жалпы билим берүүчү орто мектеби.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Кыргыз Республикасынын гандбол Федерациясы уюштурду.
Мелдештин максаты — Бишкек шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында гандболду өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле республикалык жана эл аралык спорттук иш-чараларга катыша турган шаардык курама командаларды түзүү болуп саналат.