Бүгүнкү күндө «Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканасы тарабынан Ибраимов көчөсүндө Токтогул жана Москва көчөлөрүнүн аралыгындагы унаа токтотуучу жайында (150 унааны  камтыган токтотуу жайы)  пилоттук долбоор ишке кирди.

Ошентип, (номерди таануу, жайгашкан жерди аныктоо, токтотуунун башталышы жана аяктоо убактысы) унаа токтотуу эрежелерин, төлөмдү жүргүзбөгөндүгү  үчүн айыптарды жана башкаларды сүрөттөгөн маалымат белгилери бар унаа токтотуучу жайларды каттоо системалары орнотулган.

Мындан тышкары, төлөм жүргүзүү барагына өтүү үчүн QR-код  орнотулган жана аталган тилкеде накталай акчаны кабыл алуу терминалы коюлат.

Калк менен төлөм эрежелери жана жалпы эле унаа токтотуучу жайлардын шарттары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн өзгөчө форма кийген волонтерлор иш алып барууда, ошондой эле алар колдонуучулардан маалымат алып, системаны андан ары өнүктүрүү үчүн тесттен өткөрүшөт.