Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти бала бакчалардагы тамак-ашка төлөмдүн көтөрүлүшүнө байланыштуу кырдаалды түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-майындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактандырууну уюштуруунун тартиби бекитилген жана тартиптин 11-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши бир балага күнүнө 120 сом өлчөмүндө тамактануу үчүн акчалай төлөмдүн өлчөмүн бекиткен.
Бул тартипке ылайык, 1-июлдан баштап бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөм ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер жамаатынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү тармагында 118 муниципалдык бала бакча бар.