Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Түштүк жана Чыгыш Чоң Чүй каналдарынын (ЧКЧК) суу коргоо зонасын тазалоо иштерин улантууда.
Иш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 79 токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.
Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө суу коргоо зонасында жайгашкан 23 объект аныкталды. Учурда 6 объект демонтаждалды. Калган мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланууда.
Мындан тышкары Анкара, Ч. Валиханов жана 7-апрель көчөлөрүндө алына турган дагы 28 объект аныкталды. Айрым менчик ээлери өз ыктыяры менен бузуу иштерин башташты жана тиешелүү милдеттенмелерге кол коюшту.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жерд пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жер пайдалануучуларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана жер тилкелериндеги бөлүнгөн чектен ашпоого чакырат.