Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы тигүү, курулуш жана башка өндүрүш калдыктарын таштанды контейнерлерине ыргытууга карата административдик жоопкерчилик тууралуу эскертет. Бул таштанды жайлары жалпы тиричилик таштандылары үчүн гана арналган.
Шаар тургундарынын тигүү калдыктарын чыгарган эки учуру катталды. Таштоо учурунда инспекторлор тарабынан токтотулуп, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү.
Дэн Сяопин проспектиси боюнча жаран И.Б.Ш. тигүү калдыктарын ыргытып, ага Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлдү.
Эртең мененки рейд учурунда Т.Г.Б. аттуу жаран да унаасынан көп көлөмдө кездеме калдыктарын түшүрүп жаткан. Окуя болгон жерде ага 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Эреже бузган адамдарга мындай калдыктарды чыгаруу үчүн таштанды чыгаруу компаниялары менен келишим түзүү зарылдыгын эскертишти.
Мындан сырткары, бул калдык түрлөрүн өрттөөгө тыюу салынат. Бул үчүн да Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин айып пул каралган.
Шаарды көрктөндүрүү эрежелери баарыбыз үчүн бирдей!