Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандар менен күн сайын иш алып барууда. 2025-жылдын 23-июнунан 27-июнуна чейин 746 чарба субъекти жана уюмдар санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүгө алынган.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесин бузуу – чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо боюнча 680 000 сомго 70 протокол түзүлдү. Таштандыларды чыгаруу жана сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталды, буга да тыюу салынган. 35 факты боюнча КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү боюнча 380 000 сомго протоколдор түзүлдү.
Объектилердин ээлерине жана кызматкерлерине аймакты тез арада таштандылардан тазалоо жана чөптөрдү чабуу боюнча эскертүүлөр берилди.
Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, мекеме-уюмдарга тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана ирригациялык тармактарды кармоо милдети жүктөлгөн. Иш ошондой эле баланс кармоочуларга, имараттардын жана курулмалардын менчик ээлерине, жерди пайдалануучуларга жана жер ээлерине, жеке турак жайлардын менчик ээлерине жана ижарачыларына, көп кабаттуу турак-жайлардагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлерине жүктөлөт.
Шаар тургундарын, борбор калаанын конокторун, чарба жүргүзүүчү субъекттерди, соода түйүндөрүн жана башка мекемелерди белгиленген санитардык нормаларды жана эрежелерди бузбоого, таштандыларды туура эмес жерлерге ыргытпоого чакырабыз.