Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Новопавловка» МАБнын аймагындагы «Алтын-Ордо» конушунун  жашоочулары менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө райондун активи аларды түйшөлткөн маселелерди: мектеп, бала бакчанын курулушу, жолдорду оңдоо, коомдук транспорт, ошондой эле таза суу жана канализация маселелерин көтөрүштү.

Борбор калаа башчысы шаардыктар тарабынан көтөрүлгөн маселелердин баарын карап чыгууну тиешелүү шаардык кызматтарга тапшырып, райондун тургундарына дагы бир жолу барарын белгиледи. Алдыга коюлган бардык маселелердин чечилишин көзөмөлгө алуу Ленин районунун акимине тапшырылды.

Өз кезегинде райондун тургундары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге колдоо көрсөтүп, социалдык маанилүү маселелерди чечкени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.