Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Москва көчөсүндө Ибраимов көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейинки аралыгында, ошондой эле Сүйүмбаев көчөсүнүн боюндагы жарнамалык конструкцияларын демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.

КР «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында тиешелүү уруксаты жок орнотулган 62 металл конструкциялары демонтаждалган.

Мындан тышкары, КРнын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 19 административдик протокол  түзүлгөн. Аларга жалпысынан 71 миң сом айып салынган.
Бишкек шаарында тышкы жарнаманы  жайгаштырууну жөнгө салуу иштери уланууда. Башкармалык жарнама  түзүмдөрдүн ээлерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын нормаларын так сактоого чакырат.