«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан А.Алтымышев көчөсүнүн түштүк тарабы Асаналиев көчөсүнөн Д.Садырбаев көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ишкананын жолчулары эски асфальтты алууну аяктап, ирригациялык тармакты орнотуу иштерин бүтүрүп жатышат. Учурда тротуарларга бордюр орнотууга даярдык иштери жүрүүдө.
Жогорудагы иштер аяктагандан кийин тротуардын негизин даярдоо жана ысык асфальт төшөө иштери башталат.