Урматтуу инвесторлор!
Борбор калаанын мэриясы кызматташууга толук ачык экенин ырастап, коомчулукта нааразылык жараткан соңку окуяларга байланыштуу сиздерге кайрылуу зарыл деп эсептейт.
Бишкек шаарынын мэринин орун басарларынын бири кармалганына байланыштуу, мэрия бардык инвесторлорду коррупциялык көрүнүшкө аралашпоого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген нормаларды так сактоого чакырат.
Биз мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ачык-айкын жана мыйзамдуу өз ара аракеттенүүсү шаарды туруктуу өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн негиз боло алат деп ишенебиз.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы бир катар стратегиялык маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде:
🔹 Кыргызстанда биринчи жолу электр энергиясын иштеп чыгуучу таштандыларды утилдештирүү заводунун курулушу жүргүзүлүүдө. Жалпы инвестициянын көлөмү 95 миллион АКШ долларын түзөт.
Инвестициялык келишимге 2024-жылдын 29-мартында кол коюлган жана курулушту 2025-жылдын декабрында бүтүрүү пландалууда.
🔹 Мурдагы Ак-Кула ипподромунун аймагын өнүктүрүү — турак жайларды, бизнес борборлорду, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди, ошондой эле парк аймактарын камтыган көп функционалдуу турак-жай жана бизнес комплексин түзүү.
Инвестициянын көлөмү 300 миллион АКШ долларынан ашык болсо, анын 5,8 миллиард сому келишимдин алкагында мэриянын бюджетине түшкөн.
🔹 Бишкек шаарынын саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо, инвестициянын көлөмү — 56 млн АКШ долларын түзөт.
Бардык долбоорлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында гана ишке ашырылууда, бул мэриянын мыйзамдуулукка, ачыктыкка жана коррупциялык тажрыйбаларды жоюуга умтулуусун баса белгилейт.
КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Бишкек шаарына тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 3 млрд АКШ долларын түзөт.
Мэрия тарабынан тартылган инвестициянын жалпы суммасы 1 млрд АКШ доллар.
Урматтуу инвесторлор!
Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Министрлер Кабинетинин чечимдерин жана инвестициялык макулдашуулардын шарттарын так жетекчиликке алат. Биз коррупциянын жана административдик тоскоолдуктардын бардык көрүнүштөрүн жоюуга чечкиндүүбүз.
Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Сиз мыйзамсыз аракеттерге, анын ичинде опузалап талап кылуу, басым жасоо же башка коррупцияга туш болсоңуз, бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Борбордук аппаратынын Коррупцияга каршы күрөшүү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө токтоосуз кабарлаңыз:
📞 +996 556 005 679
Укук коргоо органдарына да кайрылсаңыз болот.
Борбор калаанын мэриясы инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө үчүн диалогго ачык. Ишенимиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биз биргеликте заманбап, туруктуу жана гүлдөп өнүккөн Бишкекти курабыз деп ишенебиз.