Бишкек шаарында 2025-жылдын 2-июлунда «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Лев Толстой көчөсүнүн Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасынын бурулушунан Манас проспектисине чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштерин баштоону пландоодо.
Буга байланыштуу аталган тилке 2025-жылдын 2-сентябрына чейин унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылып, иш 60 күндүн ичинде бүткөрүлөт.
Учурда 1989-жылдан бери иштеп келе жаткан бул тилкени реконструкциялоо боюнча «Бишкекжылуулуктармагы» МИси даярдык көрүүдө. 36 жылдан бери иштеп жаткан тармак толугу менен эскирип, тез арада алмаштырууну талап кылууда.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болсо коомдук транспорт менен жүрүүнү суранат.