2025-жылдын 3-июлунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

- Алыкулов көчөсү - Л.Толстой көчөсү - П.Лумумбы көчөсү - Мурман көчөсү.

Чайковский көчөсүндөгү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.

“Бишкексууканал” МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.