Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүндө жайгашкан ЖЭБ каналы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталды.
Азыркы учурда курулушка даярдык көрүү иштери жүрүп жатат: бул байланыш зымдарын, түтүктөрдү жана башка курулушка тоскоол болгон объекттерди жылдыруу иштерин камтыйт.
Көпүрөнүн туурасы 24 метр болот. Анын эки тарабында жөө адамдар үчүн тротуарлар каралган.
Белгилей кетсек, учурдагы көпүрөнүн туурасы 13 метрди түзөт. Ал эми автотыгынды азайтуу максатында Сагымбай Манасчы көчөсүнөн Шабдан Баатыр көчөсүнө чейинки жолдун жүрүүчү бөлүгү кеңейтилет.
Эскерте кетсек, 2025-жылы төмөнкү жаңы көпүрөлөрдүн курулушу пландалууда:
•Ауэзов көчөсүндө, Бишкек ЖЭБ каналдарынын үстүнөн;
•Жибек Жолу проспектисинде, Аламедин дарыясынын үстүнөн;
•Шүкүров көчөсүндө, ВБЧК аркылуу Медеров көчөсүнө чейин.