Жол кызматкерлери Тыналиев көчөсү тарабынан Эне жана баланы коргоо борборуна кирүүчү жаңы жолду уюштуруп жатат.
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эски фундаментти алып салып, тротуар бордюрларын орнотуп, кирүүчү жолду уюштурууда.
Жол куруу иштери аяктагандан кийин Эне жана баланы коргоо борборунун бейтаптары үчүн жаңы жол жана жаңы тротуар пайда болот.