2025-жылдын  27 июнунда саат 10:00дөн - 20:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:
* 11-кичи район – Көк-Жар кичи району – Улан кичи району жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешет.

Ичүүчү сууну өчүрүү 11-кичи райондогу суу түтүгүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.