2025-жылдын 26-июнунда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:
* Ч. Айтматов пр.- Л.Толстой көч. / Жугуштуу оорулар ооруканасынын батыш тарабы (РЖОБ) - Кулатов көч. түндүк тарабы - Игембердиев көч., Кулатов көч. түштүк тарабы - Панфилов көч. - Горький көч. - Минин көч.
* Манас пр. - Бөкөнбаев көч. - Исанов көч. - темир жолго чейин.
Өчүрүү диаметри 400 мм болгон суу түтүгүн оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.