Урматтуу шаардыктар! Мыйзам бузууларды жана алар менен байланышкан кесепеттерди болтурбоо үчүн жеке турак-жайды же жеке ишкананы курууну баштоодон мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарыл экендигин эскертебиз.
«Жеке турак жай куруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Жер кодексине жана «Шаар куруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык: - жер участогуна менчик укугун жана участоктун уруксат берилген мамлекеттик актысы (кызыл китеби) болууга тийиш;
Курулушту баштоодон мурун жергиликтүү бийлик органдарынан уруксат алуу зарыл;
- курулуш бекитилген долбоорго ылайык келиши керек.
Бардык этаптар долбоордук документтерге так ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
Белгилей кетсек, мыйзам бузуулар аныкталган учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы айып салууга жана мыйзамсыз курулган имараттарды мажбурлап бузуу боюнча чараларды баштоого укуктуу.
Керексиз чыгымдарды жана юридикалык кесепеттерди болтурбоо үчүн биз төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- адегенде жерге менчик укугун каттап;
- андан кийин бардык зарыл болгон уруксаттарды алууга;
- Ошондон кийин гана курулуш иштерин баштоо зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн Байтик Баатыр көчөсү, 77 дарегиндеги Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына же 0312 592330 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот.