“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоону улантууда.
Ошентип Широкая көчөсүн капиталдык оңдоо иштери дарыядан Широкая көчөсү, 1ге чейин башталган.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин биринчи этабы бүткөрүлдү. Эски асфальт алынып, тротуар, жол бордюрлары жана ирригациялык система орнотулду. Учурда жолдун негизин жана тротуарды даярдоо иштери жүрүп жатат.
Экинчи жыйынтыктоочу этапта асфальт-бетон аралашмасын төшөө, жол сызыктарын түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу иштери башталат.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бул участокко туурасы 9 метр жаңы жол салынып, жолдун эки тарабына тротуар, ирригациялык система жана унаа токтотуучу жай уюштурулат.