Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Свердлов району боюнча Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Будённый көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарды кеңейтүү жана жаңы асфальт төшөө иштери башталды.

Аталган иштер жөө жүргүнчүлөр жана жол кыймылы үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган. Жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыланууда жана тегеректеги аймак көрктөндүрүлүүдө.

Район башчысы курулуш иштерин көзөмөлдөп, бул көчө — шаардагы кыймылы көп жолдордун бири экенин белгилеп, бардык жол колдонуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү экенин айтты.