“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан Чоң-Арык МАБынын аймагындагы Береговая көчөсү Жеңишке 50 жыл көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки жол оңдолду.
Бул участок административдик-аймактык реформанын алкагында Ленин районунун курамына кирген.
Жолчулар тарабынан эски асфальтты сыйруу, дүмүрлөрдү алуу, жолдун негизин пландоо, топуракты ныктоо, тоскоол болгон таянычтарды жана тосмолорду демонтаждоо, асфальт салууга чейинки негизин даярдоо жана асфальтбетон аралашмасын төшөө иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жашоочулардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн тротуар ирригация системасы менен кошо уюштурулду.