Урматтуу шаардыктар, Новопавловка, Лебединовка, Төмөнкү Ала-Арча, Аламүдүн жана Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыктарынын тургундары. 2025-жылдын 1-июлунан тартып МАБнан катуу тиричилик калдыктарын «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан чыгарылат.
Ошондой эле, ушул күндөн тарта адистер төлөм дүмүрчөктөрүн тарата башташат. Буга байланыштуу башка жеке ишканаларга төлөмдөрдү төлөбөй, бир гана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматына төлөөнү суранабыз.
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 31-январындагы №67 токтомуна ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн төлөм бир кишиге 42 сом 23 тыйын, пенсионерлер үчүн КНСти кошкондо бир кишиге 42 сом 23 тыйын, пенсионерлер үчүн 23 сом 18 тыйынды түзөт.
Урматтуу шаардыктар! Коммуналдык төлөмдөрдү өз убагында төлөп, катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу эрежелерин сактоону суранабыз!
Толук маалымат алуу үчүн Ростов көчөсү, 19Б дареги боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасына кайрылыңыздар.