“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери Насирдин Исанов көчөсүндөгү жолго асфальт-бетон аралашмасын төшөп баштады.
Жаңы жол Щербаков көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейин болот.
Унаа жолуна асфальт-бетон аралашмасы төшөлгөндөн кийин жолчулар тротуарга асфальт төшөө иштерин башташат.
Ысык аралашманы төшөө иштери аяктагандан кийин жол чийиндерин чийүү жана жол белгилерди орнотууну пландоодо.
Белгилей кетсек, бардык даярдык иштери жана ирригациялык системаны, бордюрларды орнотуу иштери жыйынтыкталды.