«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы борбор калааны жашылдандыруу жана шаардык чөйрөнү жакшыртуу программасынын алкагында Айни көчөсүн көрктөндүрүү иштерин улантууда.
Азыркы тапта адистер бул аймакты кийинки көрктөндүрүү иштерине даярдоо үчүн жер кыртышын төмөндөтүү иштерин жүргүзүп жатышат. Даярдоо иштери бүткөндөн кийин бул тилкеге газон төшөлүп, жашыл аянтчаларга кам көрүү үчүн заманбап сугаруу тутуму орнотулат.
Айни көчөсүн жашылдандыруу — шаардагы жашыл аймактарды кеңейтүү, микроклиматты жакшыртуу жана шаардык инфраструктуранын сапатын жогорулатуу боюнча жалпы пландын бир бөлүгү болуп саналат.
«Бишкек жашыл курулуш» МИси шаар тургундарына түшүнүү менен колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирет жана жалпы эмгектин жыйынтыгына аяр мамиле жасап, жашыл зоналарды коргоого, тазалыкты сактоого чакырат.