2025-жылдын 26-июнунда саат 10:00дөн 17:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өндүрүштүк объекттерде ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат.
Суу өчүрүлүүчү аймактар: «Тунгуч» кичирайону, «Рухий Мурас» конушу, «44 Га» жана «50 Га Кырман» конуштары.
Суу берүү “Сельский” суу алуучу жайында жана шаардагы суу түтүктөрүндө жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекемелерди, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.